БӨЛҮМ I: «Санарип дүйнө»
Балалык, технология жана акыл-эстүү тандоолор жөнүндө маек
Урматтуу балдар, бул китептеги саякатты баштоодон мурун, мен силерди жашоомдогу эки өзгөчө адам менен тааныштыргым келет. Алар — менин кыздарым Арууке жана Айбийке.
Алар жети жана сегиз жашта. Экөө тең оригами жасаганды жакшы көрүшөт. Кээде түстүү карандаштарын, кайчыларын жана кагаздарын пайдаланып, өздөрүнүн технологиялык дүйнөсүн курушат. Кагаздан түстүү баскычтары бар кооз смартфондорду, ноутбуктарды жана планшеттерди жасашат.
Кыздарымдын мындай нерселерин көргөн сайын, алардын курчап турган дүйнөсү санариптешкен мезгилди чагылдырып жатканын түшүнөм.
Балким, силер да аларга окшош ойнойсуңар. Балким, силер да жаңы тиркемелерди изилдөөнү, компьютер оюндарын ойноону, видеолорду көрүүнү же технология тууралуу суроолорду берүүнү жакшы көрөсүңөр. Ал эми ошол маалымат технологияларын кантип туура колдоном, андан жашоомо жана окуума кандай пайда алсам болот деп ойлондуңар беле?
Эгер ошондой болсо, анда бул китеп силер үчүн жазылды.
🌍 Мурун болуп көрбөгөндөй дүйнө
Кымбаттуу Арууке, Айбийке жана ушул китепти окуп жаткан балдар, азыр силер ата-энеңердин балалык кездеринен абдан айырмаланган санариптешкен заманда өсүп жатканыңарды эсиңерге салгым келет.
Бүгүнкү күндө санариптик технология жашообуздун дээрлик бардык тармагында бизди коштоп жүрөт, туурабы?
- Ата-энелер смартфондор аркылуу кабарлашат.
- Мугалимдер сабактарды компьютерлердин жардамы менен окутушат.
- Адамдар автобуста жана дүкөндөрдө QR-код аркылуу төлөм жүргүзүшөт.
- Ооруканалар бейтаптардын маалыматтарын санариптик түрдө сакташат.
- Банктар акча каражаттарын компьютердик системалар аркылуу башкарышат.
- Мектептер электрондук күндөлүктөрдү жана онлайн окуу платформаларын колдонушат.
Айтор, азыркы жашообузду санариптик технологияларсыз элестете албайбыз, туурабы?
📱 Өз үйүмдөн бир окуя
Биздин үй-бүлөдө технология күн сайын колдонулат.
Арууке менен Айбийке электрондук күндөлүктөр аркылуу үй тапшырмаларын текшеришет. Мугалимдери алар менен билим берүүчү ырларды, сабактардын видеолорун, окуу материалдарын жана ар кандай пайдалуу ресурстарды бөлүшүп турушат.
Мектеп үчүн санариптик каражаттар калем менен дептер сыяктуу эле кадимки нерсеге айланды.
Бирок ушул санариптик жашообузда эне катары мен дүйнөдөгү көптөгөн ата-энелерге тааныш болгон бир топ кыйынчылыктарга туш болдум. Чынын айтсам, менин эки чоң көйгөйүм бар.
1-кыйынчылык: Кыздарыма досторду табуу
Менин балалыгым таптакыр башкача болгон. Бош убактым болоору менен досторум менен ойноого дароо сыртка чуркап чыкчумун. Бирге ойночубуз, сааттап сүйлөшчүбүз, даракка чыкчубуз, топ ойночубуз, кагаздан же чийден куурчак жасачубуз. Айтор, караңгы киргенде гана оюнга тойбой, араң үйгө кайтып келчүбүз.
Ойлоп көрсөм, ошентип жүрүп бизде билинбестен көптөгөн пайдалуу адаттар жана жөндөмдөр калыптанчу экен:
- ☀️ күн нурунда жана таза абада убакыт өткөрүү;
- 🏃 денебизди ар дайым кыймылда кармоо;
- 🤝 достошуу, мамиле куруу жана баарлашуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Бүгүнкү күндө кыздарым да ушундай балалыкка муктаж. Алар дагы сыртка чыгып, достору менен оюнга тойбой ойногонду абдан каалашат.
Биз негизинен Бишкекте жашайбыз. Тилекке каршы, биздин көчөбүздө аларга тең курактагы балдар дээрлик жок.
Арууке менен Айбийке дем алыш күндөрү, жайкы эс алуу маалында жана майрам күндөрү мектепке барышпайт. Мындай учурда алар менен ойной турган досторду табуу абдан кыйын.
Эне катары мен алардын сыртта көбүрөөк убакыт өткөрүшүн, таза аба менен дем алышын, көп кыймылдашын, күн нурунан витамин алышын жана бактылуу балалык эскерүүлөрдү жаратышын абдан каалайм. Кечке телефон тиктеп отурушпаса экен деп жолдошум экөөбүз аракет кылабыз.
А силер бош убактыңарды кандай өткөрөсүңөр? Досторуңар менен сыртта көп ойнойсуңарбы же телефон менен өткөрөсүңөрбү?
2-кыйынчылык: Жашоонун тең салмактуулугу
Экинчи көйгөйүм — убакыт.
Көптөгөн ата-энелер сыяктуу эле, мен жана жолдошум экөөбүз тең иштейбиз. Кыздарым менен күнү бою чогуу убакыт өткөрүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт.
Жумушта же окуумда маанилүү милдеттерди аткарышым керек болгондо, Арууке менен Айбийкеге санариптик түзмөктөрдү колдонууга уруксат берүүгө туура келет.
Адатта мен аларды билим берүүчү тиркемелерди, тил үйрөтүүчү программаларды, чыгармачыл иштерди жана пайдалуу видеолорду колдонууга үндөйм.
Бирок көзөмөлдөбөй калсам, алар көбүнчө пайдалуу эч нерсе үйрөтпөгөн, туш келди жана маңызсыз видеолорду YouTube платформасынан көрүшөт. Бул мени абдан кыжаалат кылат. Мындай учурларда жетиштүү убакыт таба албаганым үчүн алардын алдында өзүмдү күнөөлүү сезем.
Жашоодогу бардык нерсени идеалдуу тең салмактоо мен үчүн кыйын. Башка ата-энелер сыяктуу эле, мен дагы кыздарымдын акыл-эстүү, билимдүү жана ден соолугу чың болушун каалайм. Маңызсыз видеолор алардын аң-сезимине жана дүйнө таанымына керексиз маалыматтарды киргизип жатканына абдан тынчсызданам.
Балким, силер: «Андай болсо, кыздарын өзү ойнотуп, окутуп, тынч эле жашай бербейби?» — деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок жашоодо тамак-аш, кийим-кече жана башка муктаждыктарды камсыз кылуу милдети ар бир ата-энеде бар, туурабы? Акча таппай калсак, кимден тамак сурайбыз, ал эми тамак-аш табыш үчүн кээде балдарыбызга жетиштүү убакыт бере албай кыйналабыз....
Арууке, Айбийке жана бардык окурман балдар, бул китеп аркылуу силерге телефон же технология жаман, балдарыбызды бузуп жатат деген ойду айткым келбейт.
Тескерисинче, эгер улуу-кичүү дебей технологияны, анын ичинде телефонду туура максатта колдонсок, ал бизге эң мыкты жардамчы, акысыз мугалим, китепкана, багыт берүүчү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачкан курал боло алат деген ойду жеткиргим келет.
🤔 Келгиле, чогуу ойлонолу
Санариптик ааламга саякатты улантуудан мурун бир аз токтоп, айланага көз чаптыралычы.
Ушул учурда канча санариптик түзмөктү көрүп жатасыңар?
- ☐ Смартфон
- ☐ Планшет
- ☐ Ноутбук же компьютер
- ☐ Смарт телевизор
- ☐ Акылдуу саат
- ☐ QR төлөм системасы
- ☐ Башка: ___________________
Эми жакшылап ойлонолучу:
- «Санариптик технологиялар», «санариптик дүйнө» деген сөздөрдү кандай түшүнөсүңөр?
- Санариптик технологиялардын кайсынысын эң көп колдоносуңар?
- Кайсынысы силерге жаңы нерселерди үйрөнүүгө жардам берет?
- Кээде кайсынысын азыраак колдонсом деп ойлойсуңар?
- Биз технологияны башкарып жатабызбы же технология бизди башкарып жатабы?
Бул жерде туура же туура эмес жооп жок.
Максат — байкоо жүргүзүү.
Анткени байкоо жүргүзүү түшүнүүнүн биринчи кадамы болуп саналат деп эсептейм.
⏰ Эки баланын окуясы
Элестетип көрөлүчү.
Биринчи бала атайын тиркемеден жыйырма мүнөт бою жаңы англис сөздөрүн үйрөнөт.
Күн сайын ал ушул тиркемеде машыгат, сөздөрдү кайталайт жана жаңы нерселерди үйрөнөт.
Экинчи бала жыйырма мүнөт бою YouTube платформасынан туш келди видеолорду көрөт.
Видеолор кызыктуу жана кооз көрүнөт.
Бирок бир сааттан кийин ал эмнени көргөнүн эстей албайт.
Экөө тең технология колдонушту.
Экөө тең бирдей убакыт коротушту.
Бирок ошол жыйырма мүнөт экөөнө тең бирдей пайда бердиби?
Оюңарды жакындарыңар менен талкуулоону сунуштайм.
👩🏫 Эмне үчүн бул китепти жаздым?
Биринчиден, мен энемин.
Экинчиден, билим берүү тармагындагы адисмин.
Үчүнчүдөн, жасалма интеллект жана компьютер илимин магистратуралык деңгээлде окуп жаткан студентмин.
Жашоомдогу ушул үч багыт заманбап технологияларды кыздарыма кантип туура үйрөтсөм болот деген суроо жөнүндө көп ойлонууга түрткү берет.
Ошондой эле бул тармактагы адистер кандай иштерди жасап жатканын билүүгө кызыгам.
Ошондуктан бул китеп төмөнкү маанилүү суроонун айланасында жазылды:
«Балдар технологияны кантип коопсуз, акыл-эстүү жана жоопкерчиликтүү колдоно алышат?»
🚀 Кийинки темада окурмандарды эмне күтөт?
Балдар, ар бир смартфондун, веб-сайттын, оюндун, видеонун жана жасалма интеллект куралынын артында жашыруун тил жатат.
Ал болгону эки гана белгиден турган тил.
Кийинки бөлүмдүн аягында бул тил эмне экенин жана эмне үчүн ал бүтүндөй санариптик дүйнөнүн негизин түзөрүн билесиңер.
Анда санариптик саякатыбызды кийинки бөлүктө уланталы...